Чаргынбайдын күмбөзү

Википедия дан

Чаргынбайдын күмбөзү Кожомкул кыштагынын түндүк тарабында, Көкөмерен дарыясынын жээгине жакын жайгашкан.

20-кылымдын башына таандык эстелик. Чаргынбай Тыйта ажынын жалгыз уулу. Анын кол астында Кожомкул баатыр кызмат кылган.

Күмбөз боз үй формасында курулуп, негизинен арча колдонулган. Сырты менен ички бөлүгү ылай менен шыбалган.

Анын ички бетинин эки капталына жана төбөсүнө ылай шыбакка Кожомкул беш манжасын (узундугу 26 см, бармагынын жоондугу 6 см, тырмагынын узундугу 3 см) басып койгон.

Бул күмбөз Кожомкул балбандын 100 жылдык мааракесинде оңдолгон, бирок 1992-жылкы жер титирөөдө урап калган. Күмбөздү 1924-жылы жумгалдык кыпчак уруусунан чыккан Бийназар уста курган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9