Чарли жана шоколад фабрикасы

Википедия дан

"Чарли жана шоколад фабрикасы" (англ. Charlie and the Chocolate Factory) - британиялык балдар жазуучусу Роальд Дальдын 1964-жылы жарыкка чыккан китеби. Ал китепте Чарли Бакет аттуу жаш баланын, башка адамдарга окшошпогон Вилли Вонканын шоколад фабрикасындагы окуясы баяндалат.

"Чарли жана шоколад фабрикасы" биринчи жолу 1964-жылы АКШда Alfred A. Knopf басмасында басылып чыкты, ал эми Улуу Британияда, 11 ай кечирээк, George Allen & Unwin басмасы аркылуу жарыкка чыкты. Китеп эки негизги тасмага адаптацияланган: "Вилли Вонка жана шоколад фабрикасы" (англ. Willy Wonka & the Chocolate Factory, 1971), "Чарли жана шоколад фабрикасы". Китептин уландысы 1971-жылы "Чарли жана чоң айнектүү лифт" (англ. Charlie and the Great Glass Elevator) деген ат менен Р. Даль тарабынан жазылып, 1972-жылы жарыкка чыккан. Р. Дальдын планында үчүнчү китеп жазуу ой пайда болгон, бирок бул тилеги ишке ашпады.

Окуя жазуучунун бала кезинде шоколад компаниясындагы тажрыйбасы менен шыктандырылды. Cadbury компаниясы мектеп окуучуларына жаңы жешке боло турган шоколаддардын үлгүлөрүн жиберип турчу, анын ордуна, балдардын сын пикирлерин билип алышчы. Ошол учурда (1920-жылдары) Англиядагы эң чоң шоколад жасоочу компаниялар - Cadbury жана Rowntree's бир-биринин коммерциялык сырларын үйрөнүш үчүн, кадымки жумушчу тыш көрүнүшү менен тыңчыларды бири-бирине жиберишчү. Ушундан улам, эки компания өздөрүнүн шоколад жасоо процессинин коргоосуна өтө чоң маани беришчү. Р. Дальды окуя жазууга шыктандырган нерселер: жашырындыктын комбинациялоосу жана татаал, көптөгөн учурда чоң машинелер болгон.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]