Чартизм

Википедия дан

Чартизм - 19-кылымдын 30-40-ж. Улуу Британияда пайда болгон социал-демокр. жумушчу кыймыл.

«Элдик хартияны» (англ. «Пипле чартер» - ушундан Чартизм аталган) ишке ашыруу ураанын көтөргөн. 1825-36-ж. өнөр жай кризисине байланыштуу жумушчулар кыймылы күчөп, натыйжада 1836-ж. Лондон жумушчулар ассоциациясы (ЛЖА) түзүлгөн жана 1838-ж. майда «Элдик хартия» деген аталышта мыйзам долбоору жарыяланган. Солчул чартисттер (Гарни, Жон ж. б.) жумушчу табын революциялык жол менен жеңишке жетүүгө чакырган. Чартисттер ассоциациясынын мүчөлөрүнүн саны 1842-ж. 50 миңге жеткен. Алардын талаптарынын негизинде парламент 10 сааттык жумуш күнүн кабыл алган (1847). Бирок 1848-ж-дан кийин чартисттер кыймылы басаңдап, реформисттик агым пайда болгон. Улуу Британия жумушчу кыймылында реформисттик багыттын күчөшү менен Ч. өз таасирин жоготуп, 50-жылдардын аягында тарыхый аренадан биротоло кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4