Чаткал районунун ардактуу атуулу

Википедия дан

Чаткал районунун ардактуу атуулу - райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон инсандарга берилүүчү наам.

Талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондун мамлекеттик администрациясынын, жалпы жыйындардын, коомдук уюмдардын, ардагерлер Кеңештеринин, Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын чечимдери менен сунушталып, Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын коллегия мүчөлөрүнүн 2/3 бөлүгүнөн кем эмес добушу менен ыйгарылат.

Наам ыйгарылгандарга “Райондун ардактуу атуулу” деген жазуусу бар лента жана күбөлүк тапшырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6