Чат-Базар мрамор кени

Википедия дан

Чат-Базар мрамор кени Талас районунда, Чатбазар кыштагынан 5 км түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1740–1860 м бийиктикте. 1970–73-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Түстүү доломиттешкен мрамордун кабаты жогорку протерозойдо пайда болгон метаморфизмделген сланецтердин, кумдуктардын, конгломераттардын арасында жатат. Пайдалуу катмардын калындыгы 120–320 м. Мрамор кызгылт, күрөң, боз түстүү. Физикалык-механикалык касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,85 г/см3, көзөнөктүүлүгү 0,76%, суу сиңирүүсү 0,14%, үстүнөн басылгандагы бектигинин чеги кургак абалда 132,1 МПа, сууга каныккан абалда – 131,1 МПа. Түстүү мрамор күкүмүн алууга жарайт. Запасы В категориясы боюнча 2864 миң м2, С1 – 20840 миң м3, В+С1–23704 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]