Чат бот

Википедия дан

Чат бот (англ: chatbot, talkbot, chatterbot, Bot, Chatterbox, IM бот, интерактивдүү агент же жасалма баарлашуучу тарап) -- аудио же тексттик ыкмалар аркылуу маектешкен компүтердик программа. Мындай программалар адамдар баарлашуучу өнөктөш катары кандай жүрүм-турумга ээ болоорун ынандыра турганчалык тууроо үчүн жасалат. Анын натыйжасында ал Түриң сынагынан өтөт. Чат боттор адатта кардарларды тейлөө же маалымат алуу кызматтары сыяктуу диалог системдеринде ар кандай практикалык максаттарда пайдаланылат. Кээ бир чат боттор системдерди кабыл алган татаал табигый тилди колдонот, бирок көптөгөн жөнөкөйүрөөк системдер киргизүү ичинде эле ачкыч сөздөрдү скандап, андан соң эң көп туура келген ачкыч сөздөр менен, же болбосо эң окшош сөз белгилер аркылуу маалымат базасынан жоопту сууруп чыгат.

"ChatterBot" деген термин башында Майкл Молдин (Юлия аттуу биринчи верботтун жаратуучусу) тарабынан 1994-жылы сүйлөшүү программаларын сүрөттөш үчүн ойлоп табылган. Бүгүнкү күндө чат боттор Google жардамчы сыяктуу виртуалдык жардамчылардын бир бөлүгү болуп саналат. Алар көптөгөн уюмдардын колдонмолору, вебсайттары, ошондой эле, Facebook Messenger сыяктуу ыкчам билдирүү платформалары аркылуу жеткиликтүү. Жардамчы эмес колдонмолорго көңүл ачуу, изилдөө максатындагы, белгилүү бир продукцияны, талапкерди же маселени жарнама кылган коомдук боттор кирет. Негизи Semantycs of Full On Net адамдын жүрүм-турумун туурап, маалыматтык базалар жана SAP сыяктуу ERP'лар менен өз ара алака түзөт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]