Чаушеску Николае

Википедия дан

Чаушеску Николае (26. 1. 1918, Румыния, Скорничешти ш,25. 12. 1989, Ботен) - румын мамлекеттик жана саясий ишмери; Румыния КП БКнын генералдык секретары (1965-жылдая), Румыниянын мамлекеттик кеңешинин төрагасы (1967-74), президенти (1974-89).

Саясий ишмердиги үчүн куугунтукталып, түрмөдө отурган (1940-44). Румыния Коммунисттик жаштар союзу БКныи секретары (1944-45), айыл чарбасы министри (1948-50), генералмайор наамында улуттук коргоо министринин орун басары (1950), куралдуу күчтөрдүн саясий ведомство башчысы (1951) болуп иштеген. Румыния КП БКнын мүчөсү (1952), секретары (1954), саясий бюросунун мүчөсү (1955). Анын демилгеси менен Румынияда адм.-аймактык реформалар жүргүзүлгөн. Өлкөнү агрардык өлкөдөн өнүккөн индустриялык өлкөгө айландырьш, чет мамлекеттер менен экономикалык, соода байланыштарын жакшырткан. 1970-жылдардан жеке адамга сыйынуу саясатынын натыйжасында саясий экономикалык кризистер болуп, элдик нааразылыктар күчөгөн. 1989-ж. РКПнын 14-съездинде Чаушескунун кайрадан генералдык секретарь болуп шайланышы элдик толкундоолорду жаратып, Тимишоар шаарында башталган элдик көтөрүлүш Ч. Н. башында турган компартиянын бийлигин кулаткан. 1989-ж. 25-декабрда өлүм жазасына тартылган. Румыния Социалисттик Республикасынын Баатыры (1971), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1964), Ленин (СССР, 1978), Карл Маркс (ГДР) ж. б. көптөгөн ордендер менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4