Чач кеп

Википедия дан

Чач кеп, кеп чач, баш кеп – элечектин астынан кийилген аялдардын баш кийими. Ал элечектин ички оромун терден, кирден сактаган. Чач кеп кызыл, кара манаттан жана баркыттан жасалган. Маңдайы тегиз, эки капталынан жаак (кулакчын) түшүрүлүп, желкесинен сала коймо (куйрулчук) чыгарылып, тышы колдо токулган ак бөз менен тышталып, ичи гүлдүү чыт менен астарланган. Кулакчындары эң майда илме, илме дос саймалары менен кооздолгон. Сайманын жээктерине майда седеп топчуларды, берметтерди жана башка кадашып, шуруларды тагышкан. Улгайган аялдардын чач кеби жөнөкөй болгон. Кездеменин өзүнөн төбө чыгарылып, ал тигилбестен, жип өткөрүп бүрмөлөнгөн же байланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.