Чач оорулары

Википедия дан

Чач оорулары - Май безинин функциясынын бузулушу чачты өзгөртүү менен териде майлуу же кургак какачты пайда кылат.

Ал себорея оорусунун белгилеринин бири. Чачтын өсүү жана алмашуусунун бузулушу ар кандай себептерге байланыштуу болуп, чачтын түшүшүнө же тескерисинче, өтө жайылып өсүп кетишине (к. Гипертрихоз) алып келиши мүмкүн. Оор жана тар баш кийим, кеп чачты такай кийип жүрүү чачтын түшүшүн күчөтөт. Ачык тийген күндө, күн суукта да баш кийимсиз көпкө жүрүүгө болбойт, себеби чач кургап, сынат жана түшөт, ал эми төмөнкү температура теринин үстүңкү кан тамырларын кысып, чачка керектүү азык заттын келиши азаят. Сакал, мурутту туура эмес алганда түк кайрылып калып, этке кире өсөт да, сезгенүүнү пайда кылат. Кээ бир теринин мите козу карын ооруларында (микроспория, трихофития, таз) чач жабыркап, анын структурасы бузулат. Чачтын бардык ооруларында врачка кайрылуу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8