Мазмунга өтүү

Чаян түйүш

Википедия дан

Чаян түйүш - элдик түймөчүлүктүн бир түрү. Чаян түйүштө абалы жипти ызгыттай чыйратып, муну бир нече каттайт. Анан жасалуучу буюмдун болжолундай ченеп, кесип-кесип алат да, анын сыртынан жиптер менен түрлөнтүп оройт. Эми анын «илгичи» жасалат. Болжолдоп алганда ууктун учуна илгендей кылып, ал көзөнөкчө жип аркылуу бекитилет. Аягына Чаян түйүштү берүү үчүн эшилип алынган үч жип бири-биринен арчындалып өткөзүлөт да, аягына узундугу нукумдай, сөөмдөй «топ чачык» жасалат. Алдынан эки айрыкча (бутча) мунун «топ чачыктан» көрүнүп тургандай ар биринин жогорудагыдай түйүшү бар. Андан соң чаян түйүлгөн үч жип үч илингиси аркылуу кайрадан биригип, эми бул жерден чаян түйүшү менен «топ чачысы» пайда болот. Ар бир айрыгынан дагы үч бутчанын төрт чаян түйүшү жана эки илмесинин этеги да топ чачы аркылуу бүтөт. Ал боз үйдүн ички себи үчүн колдонулат. Ууктун эки же төрт тарабына илинүүчү кооздукту уздар чаян түйүп жасашып, эшикти ачып-жабууда эпкин аркылуу жылаажындай жагымдуу үн бергендей ага кичинекей коңгуроолорду тагышкан. Илингенде чаян түйүш жана топ чачылары бажырайып салаңдап турган мындай буюмду айрым жерлерде «уук учтук» («дабыш берет») деп аташат.


Маалыматтын булагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]