Чаңча

Википедия дан

Чаңча - уруктуу өсүмдүктөрдүн эркектик гаметофити.

Чаңчанын сырткы (экзина) жана ички (интина) кабыгы болот. Экзина бекем жана тышкы таасирлерге туруктуу келип, формасы ар түрдүү (көбүнчө тоголок). Экзинадагы жука жерлерден же тешиктерден Чаңча түтүкчөсү өсүп чыгат. Жылаңач уруктуулардын Чаңчасы урукбүчүрдүн Чаңча камерасына түшкөндөн кийин андагы вегетатив клеткадан Чаңча түтүкчөсү, сперматогендик клеткадан көп шапалакчалуу сперматозоиддер (саговниктерде) же шапалакчасы жок спермийлер (ийне жалбырактууларда) пайда болот.

Сперматозоиддер же спермийлер Чаңча түтүкчөсү аркылуу ургаачылык өсүндүнүн архегонийиндеги энелик клетканы уруктандырат. Жабык уруктуулардын Чаңчасы сифоноген, вегетатив жана сперматоген клеткаларынан турат. Чаңдашуудан кийин сифоноген клеткасынан Чаңча түтүкчөсү, сперматоген клеткасынан эки спермий пайда болот. Спермийлер Чаңча түтүкчөсү аркылуу урук-бүчүрдөгү түйүлдүк кабына жетип, бири энелик клеткаиы, экинчиси түйүлдүк кабынын борбордук клеткасын уруктандырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.