Чегиртке

Википедия дан
Tettigonia cantans.

Чегирткелер (Tettigonioidea) - курт-кумурсканын түз канаттуулар түркүмүндөгү чоң тукуму.

Арткы буттары секирүүгө ылайыкталган, чатыр сымал канаты денесин жабат. Чырылдоочу органдары бар. Булардын 7 миңдей түрү жылуу жана мелүүн климаттуу жерлерде таралган.

Чегирткелер өсүмдүк, кээси жаныбар менен да тамактанат; айрымдары - жырткыч. Алар токой, бадал арасында, кээси ийинде, үңкүрдө жана таш астында жашайт. Жумурткасы кыштап, жазында андан личинка чыгат. Личинкасы 5-8 жолу түлөп, 1-2 ай өөрчүп жетилет. Чегирткелердин айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчүлөрү бар.

Күрөшүү чаралары: инсектицид чачуу, агротехниканы туура жүргүзүү жана Чегирткелер дайым кездешүүчү дың жерлерди бузуп, айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.