Чейрек дүймдүү катриж

Википедия дан

Чейрек дүймдүү катриж. Бул тасма түзүлүшүн көбүнчө жеке компьютерлерде пайдаланат, анда маалыматтар тасманын узуну боюнча ичке изге жазылат. Тасма аягына чыкканда багыты реверстелет (кыймыл тескери багытка өзгөрөт) жана берилиштер карама каршы багыт боюнча башка изге жазылат. Тасманын узуну боюнча жогору жана төмөн жазуу методу жылан сымал жазуу деп аталат. Чейрек дүймдүү катриждин 9 дан 144 кө чейин издери болот, ага бир нече мегабайттан 10 гигабайтка чейинки маалымат сактоого болот. Сандык аудио тасма кыймылдаткычы спирал технологиясы боюнча берилиштерди тасмага туурасынан бурчка кыйшаюу менен жазат. Стационардуу кош милдеттүү бөрктү пайдалануу ордуна кассеттик видеомагнитофондукуна окшогон айлануучу бөрк колдонулат. Мында магнитофон берилишти дүймдүн жарымына бобин тасманын туурасынан тогуз каналга жазат. Сегиз канал сегиз маалымат разряды (бир байт), ал эми тогузунчусу болсо жуптукка текшерүүчү разряд катары колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]