Чекан
Чекан – тереңдетилген гравюра техникасында – көбүнчө карандаш манерасында колдонулган болот аспап. Сок билек түрүндө болуп, шар формасындагы башында майда тикенек сымал тишчелери бар. Гравюралоочу Ч. матуар деп да аталат. Скульпторлук технологиясында жана колдонмо көркөм искусствосунда чеканка процессинде негизги аспап катары колдонулган металл аспаптар Ч. деп аталат. Скульптуралык Ч-дар көбүнчө көп профилдүү балка түрүндө болот.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004