Мазмунга өтүү

Чеканка

Википедия дан

Чеканка – скульпторлукта – негизинен жасалгалык композицияларда колдонулган жука металл барактардан скульптура чыгармаларын аткаруу техникасы. Ч-нын кеңири мүмкүнчүлүктөрү майда формаларга да жана зор көлөмдөгү скульптуралык топторго да таралган (мисалы, Ленинграддагы мурунку Александр, А. С. Пушкин атындагы театрдын алдыңкы бетиндеги (фасадындагы) араба чегилген аттар менен Аполлондун фигурасы). Ч. процесси кызыл жезден, сейрек сары жезден (латунь) же ак темирден жасалган барактардан скульптуралык рельефти артынан (тетири бетинен) атайын балканын жардамы менен согуп сүрөт түшүрүү аркасында жүргүзүлөт. Ири жана татаал скульптуралык чыгармаларды автор эмес, уста-адис согуп түшүрөт, мунун баары бөлүк-бөлүк болуп (аларды андан соң бириктирип каңдашат) моделден алынган чаптама (слепок) сымал атайын калыптардын ичинде болот. Согуп жасалган скульптуранын артыкчылыгы-технологиясынын салыштырмалуу татаал эместиги, бекемдиги, жеңилдиги жана салыштырмалуу арзандыгы. Скульптуралык жана колдонмо көркөм искусство чыгармаларын металлдын үстүңкү бетинде чеккичтин жана башка аспаптардын жардамы менен чегип сүрөт түшүрүү да Ч. деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]