Чекилдек (өсүмдүк)

Википедия дан
Чекилдек (Iris)‎»‎ барагынан багытталды)
Iris versicolor.

Чекилдек (Iris) — чекилдектер тукумундагы өсүмдүк. Тамыр сабактуу, кылычтай же тасмадай жалбырактуу көп жылдык чөп. Гүлү ири желекче сымал, гүл коргону кооз. Мөмөсү 3 кырдуу, көп уруктуу кутуча. Түндүк жарым шарда 200, түрү таралган. Чекилдек эрте жазда гүлдөйт; тамыр сабагы жана уругу аркылуу көбөйөт. Кыргызстанда Чекилдектин 11 түрү Кыргыз Ала-Тоосу менен Тескей Ала-Тоодо кездешет. Ошондой эле жашылдандыруу жана кооздук үчүн өстүрүлөт[1].

Чекилдек — Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айыл советине караштуу кыштак. «Кочкор» суузунун аймагында. Каракол суусунун боюнда жайгашкан. Чекилдектер (Iridaceae) — өсумдүктөрдүн бир үлүштүүлѳр классынын тукуму. Тамыр-сабактуу, түймөк пияз-түптүү же пияз-түптүү көп жылдык чөп. Гүлдөрү 2 жыныстуу, аталыгы 3, мөмөсү — кутуча. Чекилдектердин 60 уруусунун 1400 түрү негизинен Түштүк Африка, тропик жана субтропиктик Америкада, кээде мелүүн климаттуу областтарда таралган. Кыргызстанда 3 уруунун 13 түрү бар. Чекилдектердин көбү — кооз өсүмдүк, кээ бир түрүнүн тамыр сабагы парфюмерияда, шафран татымал катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз совет энциклопедиясы. Бишкек (Фрунзе): 1980 г., ББК 92 Я 2
  1. Ириси Торонто сүрөттөлүшү