Челюскин Семён Иванович

Википедия дан

Челюскин Семён Иванович (1700-ж. ченинде, Боршцево кыш., Калуга губерниясы - ноябрь айы, 1764-ж.) - орус деңиз саякатчысы.

Түндүк уюлду изилдөөчүлөрдөн. 3-рангдагы капитан. Москва навигациялык мектебинен жана Петербург деңиз академиясынан окуган. 1726-жылдан флотто штурманга жардамчы, 1733-42-ж. Улуу түндүк (2-Камчатка) экспедициясына штурман болуп дайындалган. В. В. Пронцищев жана X. П. Лаптевдин отрядында иштеген. 1741-ж. Хатанга д-нан Пясина д-на чейин кургактык менен өтүп, Таймыр жарым аралынын батыш жээгин Стерлегов тумшугуна чейин мүнөздөп жазып чыккан. 1741-42-ж. Туруханскиден Хатанганын чатына чейин жетип, андан ары Таймырдын чыгыш жээгин материктин эн четки түндүк чегине (Челюскин тумшугуна) жана жарым аралдын батыш жээгин 77°42' түндүк кеңдикке чейин изилдеген. Челюскиндин ысмынан тумшук, арал, кеме (параход), кыштак, көчөлөр, самолёт аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4