Чепти алуу

Википедия дан

Баш сөздүн тексти[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 10—15 киши.

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи шайланып, тегерек (чеп) сызылат, калган оюнчулар эки топко бөлүнүп оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир топтун оюнчулары чептин ичинен, экинчилери сыртынан орун алышат. Жетекчинин буйругу боюнча, чептин ичине киришип, ал жердеги турушкан оюнчуларды сыртка алып чыгууга аракеттенишет. Чепти коругандар болсо аларга каршылык кылышат. Чеп алынгандан кийин же болбосо белгиленген убакыттан кийин, оюнчулар орундары менен алмашышып, оюнду каалашкан убакытка чейин улантышы мүмкүн. Чепти кеп жолу алышкан оюнчулардын тобу жеңишет.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине жакын жатууга, тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга, бир убакытта бирден ашык оюнчуга ичте жатып секирүүгө болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн өткөрүлүүчү жер таза, жумшак, тегиз, башка буюмдарсыз болуш керек. Оюнга жакшылап дененин, айрыкча ичтин булчуңдарын жумшаткандан кийин киришишсе.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күчкө толот, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]