Черненко Константин Устинович
| Черненко Константин Устинович орус. Черненко Константин Устинович | |
| Дини: | атеизм |
|---|---|
| Партиясы: | Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы |
| Автограф: | |
Черненко Константин Устинович (24. 9. 1911, Орусия империясы, Енисей губерниясы, Минусина уезди, Новосёлов болуштугу, Чоң Тесь кыш. — 10. 3. 1985, Москва) — мамлекеттик ишмер, КПСС БКнын Генералдык секретары (1984-1985), СССР Жогорку советинин президиумунун төрагасы (1984-1985). КПСС БКнын саясий бюронун мүчөлүгүнө кандидат (1977), мүчөсү (1978). ВКП(б) БКнын алдындагы жогорку мектепти (1945), Кишинев педагогика институтун бүтүргөн (1953).

ЛКЖС Новосёлов райкомунда агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы (1929-1931). Кызыл армиянын 49-чек ара отрядында (Казакстан) аскер кызматын өтөп (1931-1933), Красноярск крайынын Новосёлов, Уярск райондорунда агитация жана пропаганда бөлүмунүн башчысы, крайлык партиялык агартуу үйүнүн директору (1933-1941), Красноярск крайкомунун секретары (1941-1943), Пенза обкомунун секретары (1945-1948), Молдавия КП ВКнын агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы (1948-1956), КПСС БКнын алдындагы массалык агитация жана пропаганда бөлүмүнүн секретары (1956-1960), СССР Жогорку Советинин Президиумда секретариаттын башчысы (1960-1965), КПСС БКнын алдындагы жалпы бөлүмдүн башчысы (1965-1982) болуп иштеген. Социалисттик Эмгектин үч жолку баатыры (1976, 1981, 1982), Ленин сыйлыгынын лауреаты (1982), 4 Ленин, 3 Эмгек Кызыл Туу ордендери ж.б. медалдар менен сыйланган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ФотоПризер. КСРБ жетекчилери (орусча)
- ФГБУ «Президентская библиотека имени Б.Н. Ельцина». Руководители советского государства (орусча)
| Кеңештик Социалисттик Республикалар Бирлигинин жетекчилери | ||
|---|---|---|
| КСРБ Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы (1922—1924) | Ленин Владимир Ильич1 (1922—1924) | |
| БККП(б) БК башкы катчысы (1922—1934) | Сталин Иосиф Виссарионович1 (1922—1934) | |
| БККП(б) БК/ КСРБ КП катчысы (1934—1953) | Сталин Иосиф Виссарионович1 (1934—1953) • Маленков Георгий Максимилианович (1953) • Хрущёв Никита Сергеевич (1955) | |
| КСРБ КП биринчи катчысы (1953—1966) | Хрущёв Никита Сергеевич (1953—1964) • Брежнев Леонид Ильич1 (1964—1966) | |
| КСРБ КП башкы катчысы (1966—1990) | Брежнев Леонид Ильич1 (1966—1982) • Андропов Юрий Владимирович1 (1982—1984) • Черненко Константин Устинович1 (1984—1985) • Горбачёв Михаил Сергеевич (1985—1991) | |
| КСРБ президенти (1990—1991) | Горбачёв Михаил Сергеевич (1990—1991) • Янаев Геннадий Иванович м.а (1991) • Горбачёв Михаил Сергеевич (1991) | |
| 1Кызматта учурунда каза болгон | ||