Черүү

Википедия дан

Черүү (санскрипче цериг) — аскер, кол, кошун; аскерлерден куралган согуштук күч. "Манас" эпосунда кол, кошун сөздөрү менен маанилеш айтыла берет:

Улуу черүү — кол болду,

Көптүгүнөн аскердин

Бет алган жери жок болду (Сагымбай Орозбаков, 2. 67),

Уйгурдан келген черүүгө

Кайып кан болгон баштыгы (Сагымбай Орозбаков, 2. 31).

Же кытайдан черүү келгендей (Сагымбай Орозбаков, 1. 41).

Ч. айрым учурда жортуул маанисинде да айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4