Четкелтебек археологиялык эстеликтери

Википедия дан

Четкелтебек археологиялык эстеликтери Атбашы өрөөнүнүн батышында, Казыбек айылынын түштүк тарабында, Четкелтебек суусунун жээгиндеги тектирлерде жайгашкан. Байыркы көрүс-төндөрдөн жана тургун жайлардан турат. Көрүстөндөрдөгү сөөк көмүү салты доорлоруна жараша айырмаланат. Б.з.ч. 1-миң жылдыктагылар жөн чуңкурларга көмүлүп, туурасынан узун жалпак таштар менен жабылган. Үстүнө дөбө жасалып, жээгине тегерете таш тизилген. Маркум жаткан чуңкурдун капталына же баш жагына чопо идиштер, койдун сөөктөрү, аялдардын жанынан койдун куймулчагы табылган. Көмөөрдүн алдында чопо идишке сүт азыктарын же сорпо куюп, ага тиешелүү устукан салып кошо көмүшсө керек деген божомолдор бар. Хунн доорундагы көрүстөндөрдүн көпчүлүгү уурдалган. Маркумдун сөөгү жарма көрлөргө жайгаштырылган. Четкелтебек суусунун оң өйүзүнөн байыркы тургун жай калдыгы, үйдүн дубалы, чопо идиш сыныктары жана жаргылчак табылган. Мындай табылгалар б.з.ч. 2–1-миң жылдыктарга мүнөздүү. 1988–90-жылы К. Табалдиев изилдеген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.