Чехел Сотун

Википедия дан
Чехел Сотун


Чехел сотун (кырк устун) چهل ستون[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чехел сотун сарайы же болбосо кырк устун сарайы Исфахан шаарынын тарыхый имараттарынын бири. Анын аймагы 67000 метр кв. түзүп, Аббас шах I нин доорунда куруу иштери башталып, анын так ортосуна бир имарат курулган. Аббас шах I бакчанын ортосуна азыркы имараттын өзөгү деп эсептелген, негизги чоң зал жана төрт бурчтук бөлмөчөлөрү менен хан сарай салдырган. Ал эми Аббас шах II башкаруу доорунда бул имарат толукталып салынып, андагы негизги имаратка өзгөчөлүктөрдү киргизип, күзгү залы, 20 устун залы, түндүк тарабына эки чоң бөлмө жана түштүк тарабына күзгү залын, падыша отурган бөлмөнүн ар тарабына балкондор жана имараттын маңдайына бир чоң бассейн салдырып, имараттын шыбына жана дубал бетине ар кандай сүрөттөр күзгүлөрдөн оюу түшүрүлүп кооздолгон. Атайы чет элдик конокторго жана башка мамлекеттердин өкүлдөрүнө арналган хан сарайдын борбордук залынын дубалдарында ар түрдүү доорлордогу тарыхый окуялар чагылдырылган. Бул зал ошол доордун эң бийик өнөрүн далилдеп, андагы куполдордо мыкты сапатта ар кандай түстөр менен түшүрүлгөн сүрөттөр ошол доордун эң жогорку чебечилиги болуп саналат.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Имараттын жана бакчанын картасы

  • 20 сотун же 20 устун залынын ажайып шып, күзгү чапталып жасалгаланган күзгү залынын ажайып шыпы, Аббас II доорундагы Жолус шахтын күзгү жасоочу залы.
  • 20 сотун же 20 устун залындагы абдан чоң устундар жана күзгү залы. Мындагы ар бир устун чынар теректен жасалган.
  • Залдын борбордук бөлүгүндө жайгашкан бассейндин, төрт бурчтук таштан жасалган чорголору жана анын тегерегиндеги мрамордон жасалган чуңкурлар Сефевид доорунун кол өнөрчүлүгүнө таандык.
  • Падышанын бөлмөсүндөгү эң мыкты чеберчилик менен жасалган алтын иштери, күзгү залынын тегерегиндеги бөлмөлөрдүн жасалгасы, падыша бөлмөсүнүн дубалдарында илинген көз жоосун алган кооз сүрөттөр Сефевид доорундагы падышаларды төмөнкүдөй кылып чагылдырат:
  • Аббас шах I Түркмөн кол башчысы Вали Мухаммад ханды меймандап жатканы
  • Ысмаил шахтын Чалдын согушундагы учуру
  • Тахмасп шах I Индия падышасы Хамиунду меймандап жатканы
  • Ысмаил шах I дин Өзбек ханы Шибек менен болгон согушу
  • Аббас шах II Жанияндар доорундагы Түркмөн эмири Надыр Мухаммад ханды коноктоп жатканы
  • Надыр шах Афшар доору чагылдырылыган чон портрет
  • Өзгөчө таажы кийген Аббас шах I дин хежри шамси (иран жылнамасы) менен 1334-1335 жылдары чопонун арасынан табылган сүрөтү Чехел сотун хан сарайынын баа жеткис миниатюраларынын бири
  • Жубар мечитинин же Пирине дуздун тарыхый калдыктары болгон “Гатбие мечити” жана “Завие дарб кушк” кире бериш эшиктин бурчтары сарайдын түндүк жана түштүк тараптарындагы дубалдарда орнотулуп, Сефевид доорунун бөлүнүп чачылган тарыхый калдыктары болуп эсептелет.
  • Чехел сотун хан сарайдын салынган күнү, имараттын негизги кире беришинде боор менен жазылган жазууда: “Дүйнөдөгү эң куттуу курулуш” хежри гамари жылнамасы менен 1057-жылы, (хежри хоршиди жылнамасы менен 1026-жыл) б.а. григориан жылнамасы менен 1647-жылы Аббас шах II нини дооруна дал келет.
  • Таштан жасалган чорголор, бассейндин айланасындагы таштан жасалган эстеликтер, бакчадагы Сефевид доорунан калган жалгыз ажайып тарыхый калдыктар болуп эсептелет.
  • Бакчадагы бассейндин төрт бурчуна орнотулган эстеликтерден суу шаркырап агып, шаркыратманы элестетип турат.
  • Хан сарайында орнотулган 20 устун анын маңдайындагы суудан чагылышып 40 устун тургандай көрүнөт, андан тышкары 40 саны байыркы ирандыктарда токчулуктун, молчулуктун белгиси болуп эсемтелеп, ошол себептен бул имараттын “Чехел сотун” (кырк устун) деп аталып калышы да дал ушул хан сарайдын мандайындагы көп утсундардын ортотулушунан келип чыгышы мүмкүн.
  • Алгач бул устундарга абдан кооз күзгүлөр өтө чебердик менен жабышылып жасалган, бирок Кажар династиясы башкарып турган доордо, аталган кооздоо бүлгүнго учурап, Сефевиддер оюлардын үстүн чопо менен кайра жасап чыгышкан.
  • Исфахан шаарынын улуттук ыйык уюму (1326-1324) алгачкы конституциондук доордогу Исфахан шаардык саясий жана чечим кабыл алуучу эң негизги уюму болгон. Бул уюмдун мүчөлөрү Исфахан элинин шайлоосу менен НурАллах Нажафи Исфахан шаардык уюмунун жетекчиси болуп дайындалган.
Чехел Сотун сарайынын планы

Галерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чехел сотун хан сарайы
  • Исфахан чехел сотун хан сарайы
  • Муса Нажафи, Исфахандык НурАллахтын тарыхый кыймылдары жана саясий ой толгоолору Е 1384, 132 б.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]