Чечимдерди колдогон систем

Википедия дан

Чечимдерди колдогон систем (Decision Support System (DSS)-Система принятия решений).
Бул систем ички же тышкы булактардан алынган берилиштерди жыйноо жана салыштыруу менен чечим чыгарууга жардам берет. Ички булактар мекеменин сатуу, өндүрүү же каржылоо сыяктуу берилиштерин камтыйт. Сырткы булактарды кредиттер проценттеринин деңгели, чийки заттардын наркы түзөт. DSS менежерлерге чечим чыгарууга жардамдашуучу маалыматтарды даярдап берет. Мисалы, айрым системдер ар күнү өзү жана атаандашы өндүргөн буюмдар жөнүндөгү коммерстик берилиштерди жыйнайт жана кабарлап турат. Бул системдер ай сайын аткарылуучу маанилүү иштерди күнүнө же жумасына анализдөөгө мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]