Чжуан Цзы

Википедия дан

Чжуан Цзы (б.з.ч. 369—286) — Байыркы Кытай философу, даосизмдин негиздөөчүлөрүнүн бири.

Анын өмүрү жөнүндөгү маалыматтар өтө аз. Ал Сун падышачылыгынын мезгилинде төрөлгөндүгү гана белгилүү. «Чжуан-цзы» трактаты притча, новелла жана диалогдор формасында жазылып, Конфуцийдин жана Мо-Цзы (Мо Ди) окууларына каршы багытталган. Чжуан окуусунун негизин дао концепциясы түзөт. Дао — бул жашоонун маңызы, дүйнөлүк негизи, бардык заттар андан пайда болот да түбөлүктүү жашоонун айлампасында дайыма өзгөрүп турат. Жашоо - бул кыймылдын үзгүлтүксүз агымы. Бардык кубулуштар өзгөрүп жана өздөрүнүн карама-каршылыгына өтүп турушат: ысык муздайт, ийри түзөлөт ж.б. ушундан улам ар кандай сапатта дайыма салыштырмалуу болот.

Чжуан адамдардын табигый теңдигин, жекече моралга ээ болуу укугун жактап, адамдардын «чоңдор» жана «жөнөкөйлөр» болуп бөлүнүшүнө, кулчулукка, бийликтин бетпактыгына каршы турган. Анын китебиндеги каармандардын арасында көптөгөн эмгекчилер, мыкты зергерлер бар. Чжуан мындай деп билдирген: Конфуций окуусунун «гумандуулук», «адилеттүүлүк», «милдет» сыяктуу этикалык принциптери адамдын чыныгы табигатына карты, «колго алтынчы манжанын кереги жок» сыяктуу эле бул принциптердин адамга эч кереги жок. Чжуанды өзгөчө кызыктырган жашоо жана өлүм проблемалары болгон. «Дененин өлүшү менен адамдын жаны жоголот» - деп чечкен Чжуан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8