Чжу-у Хэсу

Википедия дан

Чжу-у Хэсу – 9-кылымдагы кыргыз элчиси; кыргыздын уруу башчысы, эл билерманы. Чжу-у Хэсу жетектеген кыргыз каганынын элчилиги Тан (Кытай) императорунун сарайында 843-жылдын 2-айында (5-март–3-апрель) болушкан. Элчиликти император Уцзун кабылдап, ага кыргыз каганынын расмий каты тапшырылган. Кыргыз каганынын элчилиги өтө жогорку деңгээлде кабыл алынган. Бул маалыматтар Тан династиясынын мамлекеттик министри Ли Дэ-юй тарабынан «Ли Вэй-Гун хойчан ипинь цзи» аттуу булакта катталган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө уйгурларга каршы биргелешип күрөшүү, чегара коопсуздугу, Кытайга кыргыз жылкыларын сатуу маселелери каралган. Кытай каганына жөнөтүлгөн мамл. расмий каттардын көчүрмөлөрү орус жана башка тилдерге которулган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.