Чий

Википедия дан

Чий — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги, чырмакчылыкты жүзөгө ашырууда негизги материалы. Чий өсүмдүгүнүн бышкан маалы августтун экинчи жарымына туура келет. Өтө ката элек чийдин түбүн жумшак кезинде ыгы менен жулуп, мээлүүн кургатат. Чийди түбүнөн кетмендеп казып алууга да болот. Согуу жана чырмактоо алдында абалы боолап коюлган мунун кабыгы аарчылат. Нымдуу жайда жаткан чий чирип кетиши ыктымал.

Күнөстүү Кыргызстанда чий өтө көп өскөн. Мурдагы Кыргыз ССР сүрөтчүлөр Союзунун көркөм фондусу, Кыргыз ССР театрлар Коому жана Кыргыз ССР жергиликтүү өнөр жай Министрлигинин, Бишкектеги «Кыял» менен Оштогу «Мурас» бирикмелери аркылуу жүзөгө ашырылып турулган өкмөттүк маанилүү тапшырмалар үчүн накта чийдин жердиги республикабыздын Тоң, Ысык-Көл, Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Ат-Башы, Жумгал, Тянь-Шань, Түн, Алай-Куу, Чоң-Алай сыяктуу аймактарынан арбын даярдалган. Кенес Анархайда да бул мыкты өсөт.

Бирок, айдоо аянтынын кеңейишине, жердин эрозиясына байланыштуу чийдин өсүшү улам убакыт өткөн сайын суюлуп баратат. Албетте, бул чийди даярдоону бир кыйла оордотот. Чийсиз элдик чыгармачылык нукуралыгына жетише албайт. Ошондуктан, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бул түрүн бүгүнкү күндүн талабына ылайык кенен өркүндөтүү үчүн жер ыңгайына карата айрым аянттарга атайын чийди белгилүү өлчөмдө өстүрүүбүз максатка ылайыкташат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]