Чик

Википедия дан

Чик - орто кылымдардагы Эне-Сайдагы жана Түндүк-Батыш Монголиядагы кыргыз урууларынын бири. Бул урууну кийинчерээк чигил уруусуна башат болгон этностук топ катары карашат. Чик уруусу 8-кылымдын башында көөнө орхон жазмаларында да эскерилген. Чигилдер болсо Кыргызстандагы, Жети-Суудагы жана Чыгыш Түркстандагы Караханийлер каганатын негиздеген сулалени түзүшкөн.

Пайдаланылган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.

ISBN 5-89750-028-2

  • 2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.