Чили архипелагы

Википедия дан
Чилоэ.

Чили архипелагы - Чилинин түштүк-батыш жээктеринде жайгашкан Тынч океан аралдарынын жалпы аты.

Ири аралдары: Чилоэ, Уеллингтон, Санта-Инес ж. б. Жер титирөөлөр (1960-ж. эң катуу) болуп турат. Жалбырагы күбүлмө жапалак түштүк бук токою, саздак шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Жыгаччылык өнүккөн. Балык кармалат. Башкы шаары жана порту - Анкуд (Чилоэ а-нда).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4