Чимирик

Википедия дан

Чимирик - айлануу мезгилинде бир гана таянуу чекитинде туруктуулугун сактаган нерсе.

Тез айланган Чимирик жыгылбайт, бирок акырындык менен сүрүлүүдөн өздүк айлануусунун бурчтук ылдамдыгы азаят. Айлануу ылдамдыгы анча чоң эмес болгондо, Чимириктин огу тигинен спирал сымал четтей баштайт жана акырында Чимирик жыгылып, айлануусун токтотот. Чимирик - бул көптөгөн навигациялык приборлордун маанилүү элементи болгон гироскоптун жөнөкөй мисалы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4