Чип-тюнинг
Jump to navigation
Jump to search
Чип-тюнинг – (англ. Chip tuning англисчеден «chip» – микросхема, «tuning» – тууралоо), автоунаа кыймылдаткычтарынын программасын заманбап үлгүдө тууралоо, иштеп чыгуу же оңдоо. Чип-тюнинг автоунаанын түзүлүшүн өзгөртпөстөн туруп, анын мүнөздөмөсүн жакшыртуучу эң жеткиликтүү ыкма. Мындай ыкма менен унаанын кыймылдаткыч күчүн жогорулатууга, унаанын көп «май ичишин» төмөндөтүүгө, мотордогу иштелип бүткөн газдын уусунан арылтууга болот. Автосервисте мындай ыкма менен кызмат көрсөтүүчүлөрдү тюнерлер деп коюшат.