Чиркеш Кочкоров

Википедия дан
Чиркеш Кочкоров
Ишмердүүлүк тармагы:

педагог, тилчи

Туулган датасы:

20 -январь 1931(1931-01-20)

Туулган жери:

Кыргыз-Ата, Ноокат району, Ош облусу, Кыргыз ССРи

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Өлгөн датасы:

23 -февраль 2005(2005-02-23) (74 жаш)

Өлгөн жери:

Ноокат району, Ош облусу, Кыргызстан

Атасы:

Кочкор Гөбөев

Жубайы:

Зайнап Кочкорова

Балдары:

Камал Кочкоров, Кубанычбек Кочкоров

Сыйлыктары:

Эл агартуунун мыктысы Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы "Эмгек ардагери" медалы

Чиркеш Кочкоров (20.01.1931 - 23.02.2005) — таанымал агартуучу, тилчи, эл агартуунун мыктысы.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чиркеш Кочкоров, 1931-жылдын 20-январында Ноокат районунун Кыргыз-Ата селолук советине караштуу Токмок-Булак (азыркы Ак-Булак айылы) кыштагында туулган. 1938-жылдан "Тельман" атындагы башталгыч мектебине кирип окуй баштаган. 1946-жылы 7-классты бүтүргөн. Балалык мезгили Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туура келип, мектепте окуу менен кошо оорукта да эмгектенген. 1946-жылдан 1949-жылга чейин колхоздо иштеген. 1949-жылы "Правда" орто мектебине кирип, 1952-жылы 10-классты бүтүргөн. Ошол эле жылы түштүктө жалгыз жогорку окуу жай болгон Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун тил-адабият факультетине окууга кирип, 1956-жылы ийгиликтүү аяктаган. Кочкоров Чиркеш өмүрүнүн 35 жылын билим берүүгө арнаган. Ал өзүнүн көпчүлүк ишмердүүлүгүндө Ноокат аймагындагы бир нече мектептердин жетекчилигине билимдүү, мыкты уюштургуч кадр катары жиберилип турган. Кочкоров Чиркеш эмгек жолун 1956-57-окуу жылында Ноокат районундагы Кыркоол селолук советиндеги "Пример" орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы (завуч) болуу менен баштаган. 1957-1958-жылдары Кеңеш селолук советиндеги “Ломоносов” атындагы орто мектепте иштеген. 1959-1961-жылдары өзү туулуп өскөн Кыргыз-Ата айылындагы “Тельман” атындагы сегиз жылдык мектепте директор болуп эмгектенген. Ал аталган мектепте эң алгачкы жергиликтүү директор эле. 1961-1962-жылдары азыркы учурда административдик жактан Араван районуна караштуу Кичик-Алай тоолуу айылындагы “Кичик-Алай” сегиз жылдык мектебинде директор болуп иштеген. 1962-1972-жылдары Ноокат районунун азыркы Кеңеш айыл аймагынын Шаңкол айылындагы “Свердлов” атындагы (ошол мезгилде) орто мектепте директор болуп, он жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген. Бул аралыкта аталган айылдын чыгаан уулу, белгилүү адабиятчы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Муратов Абдыкерим (Абдикарим) Жаркынбаевич аталган мектепти окуп бүтүргөн. Ал өзүнүн “Тагдырымды өзгөрткөн адам” деп аталган Кочкоров Чиркеш агайын эскерүү макаласында Чиркеш агай өзү жетектеген мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагын да өзү ушунчалык эргүү менен окуткандыгын айтып өтөт жана А.Ж.Муратов өзүнүн адабиятчы болуусуна Чиркеш агайы чоң түрткү болгондугун белгилейт. 1972-1991-жылдары, дээрлик жыйырма жылга жакын Кочкоров Чиркеш өзүнүн айылындагы “Тельман” атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Ошол учурдан баштап бир топ жыл айылдын аксакалдар кеңешинин төрагасы болгон. 1960-жылдары советтерге шайлоону өткөрүүдө шайлоо комиссиянын төрагасы сыяктуу коомдук иштерди аткарган. 1966-жылы коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынган. Кочкоров Чиркеш Ноокат аймагынын таанымал агартуучуларынын бири катары Кыргызстан мугалимдеринин IV жана VI съездинин делегаты болгон. Ал өзүнүн үзүрлүү эмгеги үчүн Эл агартуунун отличниги, 1970-жылы Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы, 1884-жылдын 10-майында "эмгек ардагери" медалы ж.б. көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган. Кочкоров Чиркеш 2005-жылы 23-февралда 74 жашында дүйнөдөн кайткан.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://kutbilim.kg/news/inner/tagdyrymdy-zg-rtk-n-adam-ky/