Чиркөө музыкасы

Википедия дан

Чиркөө музыкасы – христиан чиркөөсүндөгү музыка.

17-кылымга чейин чиркөө музыка өнөрүнүн негизги борбору болгон. Чиркөө музыкасында бүгүнкү күндө да өз маанисин жогото элек терең мазмундуу, таасирдүү чыгармалар жаралган жанрлар калыптанган. Адистик музыка өнөрүнүн негизи, анын теориясы, тарыхы, нотага түшүрүү ыкмасы, окутуу, тарбия берүү усулдары Чиркөө музыкасында калыптанган.

1054-жылы чыгыш жана батыш христиан чиркөөлөрүнүн бөлүнүшүнө байланыштуу Чиркөө музыкасы негизги эки түргө бөлүнгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.