Чогойно

Википедия дан
Serratula tinctoria.

Чогойно (лат. Serratula L. 1753) – татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык көп. Сабагынын бийикт. 30-70 см, бутактуу, кээде бутаксыз жалбырактары бир ирет тилкелүү же майда тишчелүү, айрымдарыныкы тегиз. Себетчелери сабактын учунда жалгыздан шыпыргыдай, калканчадай татаал топ гүлгө чогулган. Себетчеси бир нече катар түрпүчө сымал жайгашкан ороочтуу, алар агыш, жашыл, каралжын түстүү, гүлдөрү түтүкчөдөй кызгылт, мала кызыл, көгүш кызыл. Мөмөсү көкүлдүү данча. Европада , Түндүк Африкада , Монголияда , Жунгарияда 70 ашуун түрү, Кыргызстанда 13 түрү белгилүү. Алар тоо этектегиндеги, бөксө тоодогу кургак боздоңдо, таштактуу, шагылдуу тоо беттеринде өсөт. Айрым түрлөрүнөн сары жана жашыл боёк алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]