Чодобаев, Бакир

Википедия дан

Чодобаев, Бакир (1924-ж. т., Ысык-Көл облусу, Тоң р-ну, Актерек кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Кыргыз Республикасынын геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери. Атамекендик согуштун катышуучусу (1942–45). Москва геол. чалгындоо ин-тун бүткөн (1954). Каменский экспедициясынын партияларында геолог (1954 –58), Кыргызстан компартиясынын БКнын ж-а Совет Министрлигинин Токмок ш. б-ча партиялык–текшерүү комиссиясынын төрагасы (1958–66), Кыргыз гидрогеол. экспедициясынын партияларында улук геолог, партиянын начальниги (1966–70), Сууга бургулоонун Кыргыз экспедициясынын начальниги (1971–76), Түндүк Кыргызстан геол. экспедициянын начальниги (1976–82), Кыргыз гидрогеол. экспедициясынын Түндүк партиясынын начальниги (1982–1990). Ч. 1-даражадагы Атамекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу ордендери, ондон ашык медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]