Чокморов Эсенжан

Википедия дан

Чокморов Эсенжан (2. 4. 1933-ж. т., Чүй облусу, Аламүдүн району, Чоңташ айылы) - геология тармaгынын көрүнүктүү ишмери.

  • Алматыдагы Тоо-кен металлургия институтун бүткөн (1957).
  • 1957-59-жылдары Ысык-Көл геология экспедиция партиясында улук коллектор,
  • 1959-жылдан Сандык издөө-чалгындоо партиясынын начальниги,
  • 1962-72-жылдары Геология башкармалыгынын аппаратында жана тематикалык экспедициясында улук инженер-геолог,
  • 1972-80-жылдары Куру-Тегерек издөө-чалгындоо партиясынын начальниги,
  • 1980-жылдан Чаткал геологиялык экспедициясын жетектеген.
  • Экспедиция Чаткал, Чандалаш кырка тоолорун, Чаткал өрөөнүн изилдеп, бир топ кендер, анын ичинде жез, алтындын мол запасы аныкталган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6