Чолпон Аламанова (Курак)

Википедия дан

Чолпон Аламанова – Кыргызстанда курак өнөрүн жандандырып жаткан сүрөтчү.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чолпон Аламанова Бишкек шаарында төрөлгөн. Кичинекей кезинен эле ал искусствого кызыгып, сүрөт тартканды жакшы көргөндүктөн, ата-энеси аны көркөм багытка басым жасаган эксперименталдык класска беришкен. Чолпон белгилүү модельер болгусу келип, Москвада окууну эңсеген. Чолпон Бишкек шаарындагы 67-мектепте окуган. 9-классты аяктагандан кийин Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайына тапшырган.

Андан соң Алматы технологиялык университетине тапшырган, бирок окуган багыты өзү каалагандай эмес болуп чыкты: Чолпон модельер-сүрөтчү кесиби боюнча билим алгысы келген, бирок кийим дизайнери болгон. Чет өлкөдө 5 жыл окугандан кийин бир кыйла өз алдынча болуп калган. Окууну аяктагандан кийин Чолпон мекенине, Кыргызстанга кайтып келген.

Курак искусство катары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чолпон курак өнөрүн алгач чоң апасынан үйрөнгөн. Чоң энеси кыздарына Борбор Азиянын бардык элдеринде салттуу түрдө колдонулган жамаачы ыкмасы менен жууркан тигип берчү. Курак өнөрү салттан улам пайда болгон. Кыргыз эли өзгөчө иш-чараларда конокторго жакшылык, бакыт тилеп, кездемелерди кесип беришкен. Көптөгөн жамаачыдан бир жууркан тиксе, ал чоң энергияга ээ болуп, аны колдонгон адамдарга бакыт, ден соолук жана бакубатчылык алып келет деп ишенишкен.

Чолпон алгач бул техника менен иштей баштаганда бул техника төшөккө гана жарайт деп ойлочу. Бирок азыр бул техниканы зер буюмдарды, кийимдерди, жада калса дубал паннолорун жасаганда да колдонуп келишет. Ошондой эле Чолпон балдардын жуурканын тиккенди да жакшы көрөт.[1]

2014-жылы Чолпон курак техникасын үйрөткөн мектебин ачкан. Бул мектепте ай сайын 20га жакын окуучу билим алат, мектепте сабактар ​​курстар менен өтүп турат. Анын көптөгөн шакирттери курак жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам бергенин, дал ошол жерден гармония табышканын айтышат. Тигүү процессинде аял сырткы дүйнөнү унутуп, баш-оту менен чыгармачылыкка кирип кетет.[1]

Мектепте Чолпон миңден ашык адамды куракка үйрөттү. Кыргызстандын аймактарында да мастер-класстарды өткөрүп турат. Чолпон салттуу курак техникасы жөнүндө айтып, символдордун маанисин түшүндүрүп берет. Ошондой эле Чолпон чет өлкөлөрдө да мастер-класстарды өткөрөт. Ал Пакистанда, Түркияда, Жапонияда жана Орусияда болгон.[1]

2021-жылдын 15-декабрында Чолпон жана анын окуучулары Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде “Эко-Курак” көргөзмөсүн уюштурушкан. Көргөзмө искусство аркылуу экологияга көңүл бурдуруу максатын көздөгөн. “Эко-Куракты” Бишкек, Ош, Таш-Көмүр жана Алматы шаарларынан келген, жамаачы курактын техникасында иштеген сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр да колдоп беришкен.[2]

2018-жылы Чолпон комикстерди тарта баштаган, аларды “чомиктер” деп атап койгон – бул анын күнүмдүк турмушун чагылдырган алгачкы кыргыз комикстери. Чолпон өзү айткандай,  селфи тартканды билбегендиктен улам ушундай комикс тартуу идеясы пайда болгон. Чолпондун жакындары аны көп сүрөткө тартышчу эмес, ошол себептен башкалардан жакшы ракурсту табууну суранып отургандан көрө Чолпон үчүн өзүн тарткан кыйла оңой болгон. Башкы сюжетте сүрөттөргө жана видеого тартууга мүмкүн болбогон турмуштук көз ирмемдер чагылдырылат. ын аймактарында да мастер-класстарды өткөрүп турат. Чолпон салттуу курак техникасы жөнүндө айтып, символдордун маанисин түшүндүрүп берет. Ошондой эле Чолпон чет өлкөлөрдө да мастер-класстарды өткөрөт. Ал Пакистанда, Түркияда, Жапонияда жана Орусияда болгон.[3]

Чолпон курак жөнүндө китеп жазууну кыялданып жүрөт. Башка өлкөгө саякаттаган маалда Чолпон курак өнөрү жөнүндө китеби үчүн дайыма сүрөттөрдү, материалдарды, буюмдарды чогултуп жүрөт.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөдө Чолпон балдардын кичүүсү. Ошондой эле ал үй-бүлөдө жалгыз сүрөтчү.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 1.2 https://the-steppe.com/lyudi/vozrozhdenie-iskusstva-kuraka-intervyu-s-cholpon-alamanovoy
  2. https://kaktus.media/doc/451060_v_bishkeke_otkryvaetsia_vystavka_s_glybokim_smyslom_eko_kyrak._prihodite.html
  3. https://barometr.kg/ty-videl-chomiksy-pervye-komiksy-v-kyrgyzstane-s-zhenskim-personazhem