Чоочун

Википедия дан

"Чоочун" (фр. L'Étranger, брит. англ. The Outsider, амер. англ. The Stranger) - 1942-жылы жарыкка чыккан француз жазуучу Альбер Камүнун романы. Китептин темасы жана анда чагылдырылган көз караштар Камүнун абсурд жана экзистенциализм философияларынын мисалдары болуп каралат, бирок жазуучу өзү андай пикирге каршы.

Башкы каарман Мерсо, "Түндүк Африкада жашаган француз жараны, жер ортолук деңизинин маданиятынан тажаган адам" деп сүрөттөлгөн камаарабаган француз алжир. Мерсо апасынын тажыясына катышат. Бир нече күндөн кийин досу менен чатакка аралашкан арабты өлтүрөт. Мерсо соттолуп өлүм жазасына өкүм кылынат. Окуя эки бөлүктөн турат - кылмыш жасаганга чейинки жана андан кийинки Мерсонун атынан айтылган эки баяндама.

1955-жылынын январында Камү мындай деп жазган:

Мен романды көптөгөн жыл мурун бүтүрүп мындай таңкалдырган жыйынтыкка келдим: "Биздин коомдо эгерде өз апаңдын тажыясында көз жаш төкпөсөң өлүм жазасына тартылууңдун тобокелдиги жогору".Айтайын деген негизги нерсем, бул китебимдеги каармандын белгиленген тартиптерге баш ийбөөсүнөн улам айыпталганы болот.

Романдын биринчи басылышы 4400 копиядан туруп, ошол заматта эле көп сатып алынган китеп боло алган жок. Ага карабастан, Жан-Поль Сартранын Explication de L'Etranger макаласынын жардамы менен роман жогору баага татыктуу болду. Төрт жолу англис тилине жана көптөгөн башка тилдерге которулуп, бул роман 20-кылымдын классикалык адабияты болуп саналат. "Чоочун" романы Le Monde гезитинин кылымдын 100 китеби тизмесинин арасында эң алгачкы орунга ээ болду.

Роман эки жолу тасмага адаптацияланды: Лучиано Висконтинин "Чоочун" (итал. Lo Straniero, 1967) жана Зеки Демиркубуздун "Тагдыр" (түрк. Yazgı) тасмасы.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]