Чополуу сланец

Википедия дан

Чополуу сланец, чопонун ныкталып, кабатчаланышынан жана жарым жартылай кристаллданышынан - бири-бирине жарыш пайда болгон тоо тек.

Кат-кат тактачалары жиги боюнча оңой ажыратылат. Сууда эрибейт. Чополуу сланец чопо тектеринин терең чөгүп, басымдан ныкталып, кристаллданышынан пайда болот. Метаморфизмдин таасиринен өзгөрүп, Чополуу сланец филлитке же хлорит сланецине айланат. Чополуу сланец - баалуу курулуш материалы, электр-техникада щит, рубильник ж. б. жасоо, имараттарды кооздоо жана каптоо үчүн колдонулат, ошондой эле к. Сланецтер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4