Чормонов Мелис Бакасович

Википедия дан

Чормонов Мелис Бакасович (2.1. 1943-ж. т., Ысык-Көл обл., Темир айылы) - физик, физика-математика илимдин доктору (1985), проф. (1986). КМУну бүтүргөн (1964).

Кыргыз ССР ИАнын ФИде кенже, улук илимий кызматкер, лабор. башчысы (1965-75), ошол эле жерде Автоматика институтунда лабор. башчысы (1975-84), И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик институтунда улук окутуучу (1984-87), кафедра башчысы (1987-88), илимий иштер боюнча проректор (1988-94), 1994-жылдан Бишкек туризм академиясынын ректору. Катуу нерселердин механикасы боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги, а. и. 1 монографиясы жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4