Чот

Википедия дан

Чот, теше, керки– жыгач устанын аспабы. Ал жыгач буюмдарды жонуу, оюу, жаруу жана кесүү үчүн колдонулат. Сабы мизинин тегиздигине тик абалда болгондой ашталат. Миздин мындай абалда болушу буюмду (мис., чөйчөк, табак, чертмек, ээр жана башка) оюп, жонуп жасоого ыңгайлуу. Сабынын узундугу 30–45 см, уңгусунун жазылыгы 5–10 смдей.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.