Чотала

Википедия дан

Чотала (иранча шотор — нал; шотор — төө; нал — мылтык) — төөгө жүктөп алып жүрүүчү кичине замбирек (төө мылтык). "Манас" эпосунда жөнөкөй эле мылтык маанисинде колдонулат. Мисалы, Радлов жазып алган вариантта "Кийиз каптуу кылычы, Чотоладай мылтыгы" (Радлов жазып алган вариант, 235).

Сагымбай Орозбаковдун вариантында:

Чотала үнү чопулдап,

Асмандан түшкөн октору,

Көктөн түшкөн мөндүрдөй.

Көк коргошун топулдап (Сагымбай Орозбаков, 3. 165).

Көзкамандардын окуясында Ч. Көкчөкөздүн мылтыгы болуп эсептелет. Мисалы, "Асынган мылтык чотала" (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 581-инв., 423-б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4