Чотонов Абдыракман
Чотонов Абдыракман Өрүмчү. 1915-ж. Бакай-Ата районундагы Үрмарал айылында төрөлгөн.
Чарбанын ар кандай өнөктүгүнө жандуу катышкан. 1948-ж. шартка байланыштуу Өзбекстандын Наманган областындагы кыргыздарга ооп, малчылыкты кесип туткан. 1972-ж. туулган жерине кайтып келген. Райондук турмуш-тиричилик комбинатында үйдөн узануучу чебер болуп иштеген. Ат жабдыктарын өз бетинче сатууга күбөлүк алган. Уста тапшырма боюнча буюм-тайымдарды элге эң керектүү товар катарында тез чыгарууга мүмкүнчүлүк алган. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Абдыракман устанын жараткан үлгүлөрү Таластын аяк-башына чабыттап, токулуп, ат жасалгаларынын мыкты нускаларына айланууда. Ал Жаңы-Жол районунун Кызыл-Жар айылында жашоочу бажасы Доскеев Нурдин устанын нускасын алган. Нурдин ары өрүмчү, ары зергер, жыгаччы-ээрчи, азыр да табында узанып, ат жабдыктарын Үч-Коргон базарына чыгарууда. Нурдинден «беш кашка өрүмдү» (беш тал кайыш жоонураак тилинет), «жети кашка өрүмдү» (кайышы саал ичкерээк тилинет) үйрөнгөн. Эки өрүмдө тең бир тал кайыш аркак болуп, өтө сыйда да, жөнөкөй да көрүнөт. Анын «он өрүм» дегени да бар. Аны өзү «куран төш» деп атайт. Анын төбөсүндө саал жал сымал кыры болгондуктан, айрымдар «жон өрүм», «жом өрүм», «жал өрүм» деп да аташат. Мындан да татаалыраак он бир тал аркылуу өрүм жаратып, аны «котур өрүм» же «он бир өрүм» деп атайт. Бул соода-сатыкка да өтүмдүү келип, талдары ичкерээк тилинет. Талдын жоондугу «жети кашка өрүмүнүн» жарымындай болуп, талдар экиге бөлүнүп, бир жагы беш, бир жагы алты тал келет да, алты талдын бирөө бешөөнү карай өтүп турат. Ошентип, бир тал өрүм аркак болуп түшөт. Өрүмгө байланыштуу кайыштын, көктүн, тасманын жердигин абалы тандап, тегиз тилип алат. Кайышты тандоосун да, тилүүсүн да, өрүмүн да «он бир өрүмдөй» кылат. Мунун талдары да экиге бөлүнүп, бирөө аркак катары оңдон солго, солдон оңго өтүп турат. Мисалы, жүгөнү бир нече бөлүктөн турат. Анын узун жаагына чебер өз колу менен алты карыш, кыска жагы беш карыш, тумшугу төрт карыш, сагалдырыгына беш карыш тал тилет. Куюшканды «жети кашка өрүм» кылат. Алты карыш тилсе, өргөндө беш карыш болот. Өрүлбөй турган жери бир карыш келет. Тизгинди тилип, бир жагына бурап, керип коёт. Анын учу «чаян түйүштөлөт». Союлган серкенин терисин дароо тасма кылат. Үзөңгүнүн көзүнө сабы жумуру ыргайдын учталган учун өткөрүп, бир адам кармап берет. Экинчиси терини эки элидей тилип, үзөңгүнүн жылчьпынан өткөрүп чирене тартат. Ошондо теридеги чели да, суусу да, майы да сыгылып чыгып, жалаң кыртышы калат. Аны Абдыракман камчы өрүмүнө пайдаланат. Ал таза, сыйда келип, андан жаралган өрүм кооз болот. Көк жыдытылат, тасма жыдытылбайт. Анын камчыларына он беш тал тилим аркылуу «жылан боор өрүмү» берилет. Өрүм үчүн узундугу үч карыш тасма тилинет. Ал өрүлгөндө эки карыш болуп калат. Камчынын түшкүнү үчүн өзүнчө тасма тилип, шибеге менен ичиндеги өзөккө каттай сайып бекитет. Камчыны шөкөттөөдө жез колдонот. Ал өз колунан 300дөй ат жабдык чыгарган. Небереси Кумар Оморов анын нускасын алууда. Ал өрүмдүн бир нече түрүн үйрөнгөн. Көмөлдүрүктүн, куюшкандын, басмайылдын, жүгөндүн, камчынын шөкөттөрүн жасайт. Уста тери иштетүүчү атайын талкуу жасап алган. Кайышты ага коюп ийлейт. Колдон көн, шири, кайыш чыгаруусу анын даанышман өнөрү. Башкалар да Абдыракмак устадан таалим алышууда.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жаыа алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Ат жабдыктары үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Өрүм ат жабдыктары үчүн Кыргыз ССР Маданият министрлигинин Ардак грамотасы; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Ат жабдыктары менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0