Чоуган

Википедия дан

Чоуган, атчан поло - атчан спортчулар мелдешинини бир түрү.

Ал жашыл чөптүү аянтта, жапыз бойлуу ат - пони минип, топту таяк (клюшка) менен чаап, атаандаш команданын дарбазасына кийирүү максатында ойнолот. Ар бир командада 4 оюнчу болуп, оюн 4-8 бөлүктөн (чак) турат, ар бир чак 7 лгикга созулат. Аянтынын туурасы 155 м , уз. 274,2 м, дарбазасы 7,31 м аралыкта орнотулган 2 штангдан турат. Чоугандын клюшкасы бамбуктан же талдан жасалат.

Борбордук Азиянын көчмөн элдеринде пайда болгон. 1859-ж. Улуу Британияда алгачкы Чоуган клубу уюшулган. 19-кылымда Англия жана Америкада кеңири ойноло баштаган. Түштүк Америкада, а. и. Аргенитинада поло оюнунда минилүүчү пони жылкысы багылгандыктан, бул оюн да өтө кеңири таралган. Учурда дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мелдеш өткөрүлөт. чочко - ача туяктуулар түркүмүнүн чочколор тукумундагы сүт эмүүчү айбанат. Бакма 4. камандын 2 түрчөсүнөн (европа жана азия) неолит доорунда (б. з. ч. 4900-4000-ж.) колго үйрөтүлгөн. Чоуганын 44 тиши (12 маңдай тиш, 4 азуу тиш, 28 түпкү азуусу) болот. 2 катар жайгашкан 14 эмчеги бар. Жүнү суюк, катуу. Тоютту тандабай жейт. Негизинен эгиндин бардык түрүн (а. и. жүгөрүнү), тамыры тоют өсүмдүктөрдү, техникалык өсүмдүк калдыгын, көк чөп, силос, сенаж, тамак-аш калдыгын ж. б. жейт. Чоуган колдо багылган малдын ичинен көп тукумдайт жана тез жетилет. Мегежиндери 9-10 айлыгында (тирүүлөй салмагы 130-150 кгга жеткенде) куутка кошулат. Торопоюн 113-116 күн көтөрөт. Жылына эки жолу төлдөп, төлдөгөн сайын 8-10 (жакшы багылгандары 13-16, кээси андан да көп) торопой тууйт. Жаңы туулган торопоюнун тирүүлөй салмагы 1,2-1,3 кг, энесин 2 айга чейин эмет, бордолгон 6-7 айлыктарынын салмагы 90-100 кгга жетет. Асыл тукум мал өстүрүүчү фермаларда мегежиндер 5-6 жыл (торопойлор начар туула баштаганга чейин), камандар 7-8 жыл асыралат. Дүйнө боюнча 100дөн ашык породасы белгилүү. Чоуганын эт, эт-май жана май багытындагы породалары бар. Дүйнөдө эт багытындагы Чоугандар көп багылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4