Чоюнчу

Википедия дан

Чоюнчу (1985-ж. чейин Чарбак-Сай) - Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак.

Лейлек айыл аймагына караштуу. Дениз деңгээлинен 1020 м бийиктикте. Райондун борбору Исфана шаарынан 40 км чыгыш тарапта. Пролетарск т. ж. бекетинен (Тажикстан) 100 км. Калкы 1003 (2014); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Соода жайлары, дарыкана бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4