Чоңбаш манасчы

Википедия дан

Чоңбаш манасчы (XVIII-к.)

18-кылымдын залкар жомокчусу Чоңбаштын таржымалы жана чыгармачылыгы тууралуу так маалымат жок. Кадимки Тыныбек жомокчунун устаты, өз доорунун эң көрүнүктүү манасчыларынын бири Чоңбаштын өз аты Нармантай. Башынын чоңдугунан улам жогоркудай ылакап атка ээ болгон.
Чоңбаштын манасчылыгы тууралуу маалыматтар сакталган эмес. Андан таалим алган Тыныбек гана, Чоңбаш кандай ырчы эле дегенде: “Чоңбаш кыргыздын эң алдыңкы жомокчуларынын бир эле. “Чоңбаштын жомогу ай!” дегенде элдин оозунан көк түтүн буркурайт эле!”- деп тамшанып алчу дешет. Ал тургай, айтылуу Келдибек менен Акылбекти “Чоңбашчалык ырчы эмес экен” – деп, Тыныбек өз устатынын өнөрүн жогору баалачу дейт. Буга караганда, тулпар манасчылар Келдибек менен Акылбектен өнөрү аша түшпөсө да, ошолорго теңтайлашкан, өз учурунун беделдүү манасчыларынан болгону айныксыз.