Чоңмурун Кадыр уулу

Википедия дан

Чоңмурун Кадыр уулу (1870, Шопок айылы - 1946, Ошол эле жер) - комузчу, уста, Токтогулдун шакирти.

Ал аймакта «Сологой комузчу Чоңмурун» деген ат менен белгилүү болгон. Токтогулдун «Камбаркан», «Сары Барпы», «Армандуу чымчык», Айдараалынын «Көйрөң көө», «Айкүмүштүн такыл эт», Атайдын «Саадак какты», «Ак тамак, Көк тамак» ж.б. күүлөрүн бирде оң, бирде сол колу менен черткен куудул комузчу да болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5