Чоң Каракаман мөңгүлөрү

Википедия дан

Чоң Каракаман мөңгүлөрүФергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталында.

Арпа суусунун сол курамы Чоң Каракамандын төрүнөн орун алган 2 мөңгү. Уз. 3,3 ж-а 4,1 км, аянттары 5,0 ж-а 4,8 км2. Алабуганын алабындагы ири мөңгүдөн. Өрөөн ж-а татаал өрөөн тибиндеги мөңгүлөргө кирет. Мөңгүлөр бири биринен мореналар аркылуу бөлүнүп, бир нече салаалардын биригишинен пайда болот. Алардын бети көптөгөн жаракалар м-н тилмеленген. Аймак б-ча түн. ж-а түш. капталдардагы мөңгүлөрдө кескин айырмалуулук байкалат. Башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Мөңгүлөрдүн 10–15%тейи гана ортоңку ж-а четки мореналар м-н капталган. Алардан Арпа суусунун сол куймасы Чоң Каракаман өзөнү башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2