Чоң Койсуу мөңгүсү
Көрүнүш
Чоң Койсуу мөңгүсү — Күнгөй Алатоонун түн. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү.
Чоң Кемин суусунун сол курамы Чоң койсуунун төрүнөн орун алган. Уз. 3,0 км, аянты 5,3 км2. Башы деңиз деңг. 4150 м, этеги 3740 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3890 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Каптал ж-а этек мореналар жаап жатат. Мөңгүдөн Чоң Койсуу өзөнү башталып, Чоң Кеминге сол тараптан куят.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2