Чоң бешташ мөңгүсү
Көрүнүш
(«Чоң бешташ, мөңгү» барагынан багытталды)
Чоң бешташ мөңгүсү – Талас Ала-Тоосунун түндүк капталындагы чуңкурчак өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 2,6 км, аянты 3,2 км2. Талас сол куймасы Бешташтын төрүндө жайгашкан. Башы деңиз деңгели 3950 м, этеги 3650 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3800 м. Абляция облусунун аянты 2,1 км2. «Тилинин» морена менен көмүлгөн бөлүгү 3594 м бийиктикке чейин жатат. Мөңгүдөн Бешташ суусу башталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги айрым шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- бешташ, мөңгү(жеткиликсиз шилтеме)