Чоң советтик энциклопедия
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a2/%D0%91%D0%BE%D0%BB%D1%8C%D1%88%D0%B0%D1%8F_%D0%A1%D0%BE%D0%B2%D0%B5%D1%82%D1%81%D0%BA%D0%B0%D1%8F_%D0%AD%D0%BD%D1%86%D0%B8%D0%BA%D0%BB%D0%BE%D0%BF%D0%B5%D0%B4%D0%B8%D1%8F_-_%D0%BF%D0%B5%D1%80%D0%B2%D0%BE%D0%B5_%D0%B8%D0%B7%D0%B4%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D0%B5.jpg/170px-%D0%91%D0%BE%D0%BB%D1%8C%D1%88%D0%B0%D1%8F_%D0%A1%D0%BE%D0%B2%D0%B5%D1%82%D1%81%D0%BA%D0%B0%D1%8F_%D0%AD%D0%BD%D1%86%D0%B8%D0%BA%D0%BB%D0%BE%D0%BF%D0%B5%D0%B4%D0%B8%D1%8F_-_%D0%BF%D0%B5%D1%80%D0%B2%D0%BE%D0%B5_%D0%B8%D0%B7%D0%B4%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D0%B5.jpg)
Чоң советтик энциклопедия (орус. Большая советская энциклопедия) — дүйнөлүк универсал ири энциклопедиялардын бири. Москвадагы «Советская энциклопедия» басмасынан чыгарылган. ЧСНнин 65 томдуу 1-басылышы 1926-47-ж. жарык көргөн. Башкы редактору О. Шмидт (1941-ж. чейин). 2-басылышы 1950-58-ж. 51 том (51-тому кошумча), башкы редактору С. Вавилов (1951-ж. чейин), Б. Введенский (1951-ж.). 1957-жылдан БСЭнин «Ежегодниктери» чыга баштаган. 30 томдук 3-басылышы 1969-78-ж. жарык көргөн; башкы редактору А. М. Прохоров (1969-78-ж.). Энциклопедиянын чыгарылышына илимий мекемелер, илимий-изилдөө институттары, ЖОЖдор, чыгармачыл уюмдар, дүйнөнүн 50гө жакын өлкөлөрүнүн окумуштуулары, коомдук жана саясий ишмерлери катышкан. БСЭнин 3-басылышы АКШда, Грекияда, Италияда которулуп чыккан. 2005-жылдан ошол эле басмадан «Большая Российская Энциклопедия» (БРЭ) көп томдугу басылып чыгууда.
Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4